Биффект

 

Таасир берүүчү заттар

Амлодипин + Лизиноприл.

 

Курамы

Ар бир таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:

Амлодипин бесилат BP, амлодипинге эквиваленттүү      5 мг,

Лизиноприл  USP, суусуз лизиноприлге  эквиваленттүү  5 мг.

Көмөкчү заттар: Микрокристаллдык целлюлоза 102, кремнийдин

коллоиддик суусуз  диоксиди, крахмалдын , натрий гликоляты магний

стеараты,  лактоза, тазартылган тальк.

 

Фармакологиялык касиети

Гипотензивдик, тамыр кеңейтүүчү, ангинага каршы колдонулат.

 

АТХ коду

C09BB03 Лизиноприл + Амлодипин

 

Фармакологиялык тобу

Айкалышууда кальций каналдарынын бөгөттөөчүлөрү.

Айкалышууда АПФнын ингибиторлору.

 

Фармакодинамикасы

Амлодипин. Дигидропиридиндик  рецепторлор менен байланышат,  кальций каналдарын бөгөттөйт, клетканын ичинде кальцийдин иондорунун трансмембрандык өтүүсүн  ингибирлейт. (көпчүлүк деңгээлде — кардиомиоциттерге караганда тамырлардын жылмакай булчуңдуу клеткаларында). Узартуучу, дозага көз каранды, гипотензивдик натыйжа көрсөтөт.   Гипотензивдик таасир  ОПСС төмөндөтүү менен, тамырлардын жылмакай булчуңдарына түз эсалдыруучу таасири менен шартталган. Перифериялык артериолдун кеңейишинин эсебинен миокарддын ишемиясынын айкындуулугун азайтат жана аз өзгөрүүчү ЧССнын фонунда  ОПСС төмөндөтөт. Жүрөкө болгон күч келүүнүн азайышынын жыйынтыгында кислороддо миокардга болгон муктаждык азаят; өзгөрбөгөн сыяктуу эле, ишемизирленген жүрөктүн булчуңдарынын айланасындагы чоң коронардык артериялардын жана коронардык артериолдордун кеңейиши миокардга кислороддун келип түшүшүн жогорулатат. Синустук жана  синустук-предсердик муунга аз таасир берет,  AV өтүмдүүлүгүн кичине жайлатат.   Тромбоциттердин агрециясын токтотуп турат; диурездин жана натрийдин  бөлүнүп чыгышын, клубочктуу фильтрациянын ылдамдыгын жогорулатат. Дарынын натыйжасы кабыл алгандан 1–2 сааттан кийин таралып баштайт жана 24 саат бою уланат. Дарынын таасирин акырындык менен пайда болгондугунун жана узартылган натыйжанын негизинде симпатикалык нерв системасынын эң аз рефлектордук жөнгө салууну жана АКБ (артериялык кан басым) акырындык менен төмөндөшүнө алып келет. Гипертоникалык оорууларда сол карынча миокардынын гипертрофия деңгээлин азайтат; ЖИОда (жүрөктүн ишемиялык ооруусу)  антиатеросклеротикалык жана кардиопротективдик таасир көрсөтөт.  АПФ ингибиторлору менен жана дуиретиктер, дигоксиндер менен дарылоо фонунда жүрөк жетишсиздиги (III–IV класс по NYHA) менен жапа чеккен бейтаптардын өлүм коркунучун  жогорулатбайт.

Лизиноприл. АПФны ингибирлейт, ангиотензин I дин ангиотензин IIге өтүшүн алдын алат, эндогендик вазодилатирлөөчү ПГнын концентрациясын жогорулатат. Вазоконстриктордук касиетти алып жүрүүчү аргинин-вазопрессиндин жана  эндотелин − 1дин пайда болушун азайтат. ЖПТКты (Жалпы рерифириялык тамырдуу каршылык), системдүү АКБды (артериялык кан басым) миокардга болгон жүктү, өпкөнүн майда кан тамырларындагы басымды төмөндөтөт. Жүрөк жетишсиздиги менен жабыркаган ооруулууларда миокардга болгон жүктүн толеранттуулугун жана жүрөктүн дирилдешин жогорултат. Кандагы плазмасындагы ренинанын активдүүлүгүн жогорулатат(кайрадан). Дарынын таасири 1 сааттан кийин пайда боло баштайт, 6-7 сааттын ичинде өсүп баштайт, 24 саатка чейин уланат. Жалпы маанини көп жолку дайындоодо дарынын гипотензивдик натыйжасы бир нече жуманын ичинде жетет.  Жүрөктүн ткандык ренин-ангиотензиндик системасын ингибирлейт, миокарддын гипертрофиясынын өнүгүүсүн жана жүрөктүн сол карынчасынын    дилатациясын алдын алат же  алардын кайрадан өнүгүүсүн жөнгө салат. (кардиопротективдик таасир). Кокустан болгон өлүмдүн санын, кайталануучу миокард инфарктынын өнүгүү мүмкүнчүлүгүн, коронардык кан агуу жолунун  бузулушун жана миокард ишемиясынын кайрадан пайда болушун азайтат.

Бир таблеткада  лизиноприл менен  амлодипиндин айкалышы кандайдыр бир көмөкчү заттардын оңдоп түзөтүүгө каршы нерселер тарабынан пайда болууга мүмкүн болгон терс натыйжалардын өнүгүшүн алдын алууга руксат берет. Ошентип Амлодипин, түздөн-түз артериолдорду кеңейтүү менен организмдеги суюуктуктун жана натрийдин кармалуусуна алып келиши мүмкүн, ошондуктан РААС активдештире алат.

 

Фармакокинетикасы

Амлодипин. Терапевтикалык дозада ичке кабыл алуудан кийин амлодипин жакшы сиңет жана Cmax канга 6–12 сааттан кийин жетет. Абсолюттук биожеткиликтүүлүгү  64–80%ды түзөт. Vd болжол менен 21 л/кг барабар. Плазманын  белоктору менен байланышуусу болжолдуу түрдө 97,5% ды түзөт. Тамак-ашты кабыл алуу амлодипиндин сиңүүсүнө таасир бербейт, ГЭТ (гемато-энцефаликалык тоскоолдук) аркылуу өтөт. Плазмадагы T1/2 35–50 ч жакынды түзөт, бул дарыны суткасына бир жолу дайындоого туура келет. Боор жетишсиздиги жана оор өнөкөт жүрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптарда T1/256–60 ч чейин жогорулайт. Жалпы клиренс — 0,43 л/ч/кг түзөт.

Амлодипинди дайыма кабыл алууда плазмадагы стабилдүү CSS 7–8 күндөн кийин жетет жана ал активдүү эмес метаболиттерди пайда кылуу менен боордо затташат; дарынын баштапкы 10% жана  60% метаболиттер заара аркылуу бөлүнүп чыгат . Эне сүтү аркылуу бөлүнүп чыгаары же чыкпасы белгисиз. Гемодиализдин жүрүшүндө өчүрүү мүмкүн эмес.

Бөйрөк жетишсизиги менен жабыркаган ооруулуларда кандын плазмасындагы T1/2 60 саатка чейин жогорулайт. Плазмадагы амлодипиндин концентрациясынын өзгөрүүсү бөйрөк функиясынын бузулуу деңгээли менен   коррелденбейт. Улгайган адамдардагы  амлодипиндин Tmax жана Cmax  чындыгында жашыраак курактагы адамдардыкына салыштырмалуу айырмаланбайт.  AUC жана T1/2 ден 65 саатка чейин жогорулоого алып келүүчү, өнөкөт жүрөк жетишсиздиги менен жабыркаган улгайган бейтаптарда, амлодипиндин клиренсинин төмөндөө тенденциясы белгиленген.

Лизинорил. Дарыны ичке кабыл алгандан кийин 25% (6–60%) жакыны сиңирилет. Тамак-ашты кабыл алуу сиңирүүгө эч кандай таасирин тийгизбейт. Плазманын белоктору менен начар байланышат (6–10%). Бөйрөк аркылуу өзгөрбөгөн түрдө  биотрансформаланбайт жана  экскретирленбейт, T1/2 12 саатты түзөт. Дозалоо режиминин тууралоосун талап кылуучу фармакокинетикалык параметрлердин маанилүү клиникалык өзгөрүүлөрү, клубочкалык фильтирлөөнү  30 мл/мин ден (плазмадагы Сmax жогорулайт, Т1/2 жана таасир берүү убактысы узарат.) азыраак азайтууда байкалат. Улгайган бейтаптарда плазмадагы концентрация жана  AUC 2 эсе жогорулайт. Гемодиализде өчүрүүгө мүмкүн болот. Келемиштерге куюуда анча-мынчасы ГЭТ(гемато-энцефаликалык тоскоолдук) аркылуу өтөт, кайталап, көп жолу колдонууда ткандарда   кумулирленбейт, эне сүтүндө жана бала жатуучу тондо табылган (бирок түйүлдүктүн ткандарында эмес).

 

Көрсөтмө

Эссенциалдык гипертензия (айкалышкан дарылоо сунушталган оорулууларга).

 

Каршы көрсөтмө

  • амлодипинге же башка дигидропиридинден өндүрүрлгөндөргө жогорку сезгичтик;
  • лизиноприлге же башка АПФ ингибиторлоруна жогорку сезгичтик;
  • дарынын башка курам бөлүктөрүнө;
  • анамнездеги  Квинке шишиги, анын ичинде  АПФ ингибиторлорун колдонуу фонунда;
  • тукум куучу же  идиопатикалык ангионевротикалык шишик;
  • гемодинамикалык маанилүү  аортанын же  митралдык клапандын стенозу же  гипертрофикалык кардиомиопатия;
  • айкын артериалдык гипотензия (сАД 90 мм рт. ст азыраак.);
  • кардиогендик шок;
  • стабилдүү эмес стенокардия (Принцметала стенокардиясын эске албаганда);
  • миокарданын курч инфарктынан кийинки жүрөк жетишсиздиги (алгачкы 28 күндүн ичинде);
  • кош бойлуулук;
  • бала эмизүү мезгили;
  • 18 жашка чейинки курак (бул курактагы топтогуларга дарынын натыйжалуулугу жана коркунучтуулугу жөнүндө маалымат жок болгондугуна байланыштуу).

Этияттык менен: бөйрөк функциясынын айкын бузулушу; азотемия менен өсүп-өнүгүүчү бөйрөк артериясынын эки жактуу стенозу же бөйрөктүн бир жактуу артериясынын стеносу; бөйрөктү трансплантация кылгандан кийинки абал; азотемия; гиперкалиемия; биринчи жолку гиперальдостеронизм; боордун функциясынын бузулушу; артериалдык гипотензия; цереброваскулярдык ооруулар (анын ичинде мээнин кан айлануусунун жетишсиздиги); жүрөктүн ишемиялык ооруусу; коронардык жетишсиздик; синустук түйүндүн алсыздык синдрому (айкын брадикардия, тахикардия); NYHA классификациялоо боюнча ишемиялык эмес этиологиянын III–IV функционалдык классынын өнөнкөт жүрөк жетишсиздиги; аорталдык стеноз; митралдык стеноз; миокарданын курч  инфаркты (жана миокарда инфарктынан кийин 1 айдын ичинде ); байланыштыруучу ткандардын аутоиммунндук системдүү ооруулары (анын ичинде склеродермия, системдүү бөрү жатыш); баш мээнин кан айлануусунун басаңдоосу; кант диабети; тамака колдонуучу тузду чектөө менен мүнөздөп колдонуу; гиповолемикалык абал (анын ичинде диареянын көңүл айнуунун жыйынтыгы); улгайган курак; жогорку өткөргүчтүк менен  диализдик мембрананы жогорку агым аркылуу колдонулуучу  гемодиализ (AN69®).

 

Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде колдонуу

Кош бойлуулук мезгилинде дарыны колдонуу сунушталбайт. Кош бойлуулуктун диагносторун чыгаруу мезгилинде   БИФФЕКТ дарысын колдонууну тезинен токтотуу зарыл.

Кош бойлуулуктун II жана III үч айлыгында АПФ ингибиторлорун кабыл алуу түйүлдүккө жагымсыз таасир көрсөтөт (АКБ айкын төмөмөндөшү, бөйрөк жетишсиздиги, гиперкалиемия, баш сөөктүн гипоплазиясы, ичкиутробдук өлүм болушу мүмкүн). Кош бойлуулуктун I үч айлыгында дарыны кабыл алууда түйүлдүккө тийгизген жагымсыз таасирлери жөнүндө маалыматтар жок. АПФ ингибиторлорунун ичкиутробдук таасирине кабылган жаңы төрөлгөн жана эне сүтүн эмүү мезгилиндеги балдарга өз убагында айкын АКБ төмөндөшүн, олигурияны, гиперкалиемияны табуу үчүн дыкат байкоо жүргүзүү сунушталат.

Кош бойлуулук мезгилинде амлодипинди колдонуудагы коркунучун аныкталган эмес, ошондуктан кош бойлуулук мезгилинде  амлодипинди колдонуу сунушталбайт. Лизиноприл бала жаткан тон аркылуу өтөт жана эненин сүтү аркылуу бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Амлодипиндин эне сүтү аркылуу бөлүнүп чыгышын тастыктай турган маалыматтар жок. Бирок дигидропиридинден өндүрүлгөн – башка КЧА (кан айлануунун чоң айланасы) эне сүтү аркылуу бөлүнүп чыгаары белгилүү. БИФФЕКТ дарысын баланы эмизип жаткан мезгилде колдонуу сунушталбайт. Эгер дарыны бала эмизүү мезгилинде колдонуу зарыл болсо, анда баланы эмизүүнү токтотуу керек.

 

Кыйыр таасирлери

Дарыны колдонууда пайда болгон кыйыр таасирлер негизинен айкын эмес жана өтүп кетүүчү мүнөз алып жүрөт, дарылоону токтотуу кээ бир учурларда гана керек болот.

Айкалышкан дарылар тарабынан пайда болгон, ар бир курам бөлүктү өз алдынча кабыл алуу учурларына караганда, көбүрөөк пайда болуучу   кыйыр натыйжалар. Абдан көбүрөөк кездешет: баш ооруу (8%), кургак жөтөл  (5%) жана баш айлануу (3%). Болушу мүмкүн: алсыздык, диарея, көңүл айнуу, кусуу, ортостатикалык гипотензия, теринин кычышуусу, тери исиркеги, буттун кызыл ашык томугунун шишиги, беттин терисинин кызаруусу, төшүн  ооруусу, артралгия (1–3%). Башка кыйыр таасирлердин жыштыгы 1%дан азыраак.

Жогорку сезгичтикте  беттин ангионевротикалык шишигинин, аяк буттардын, ооздун, тилдин,  коконун, кекиртектин (0,1%) өнүгүшү мүмкүн. Мындай учурларда дарылоону тезинен токтотуу керек жана оорулууга ооруунун баардык белгилери жоголгучакты байкоо жүргүзүп туруу зарыл.

Лабораториялык көрсөткүчтөр тарабынан: гиперкалиемия, креатининдин, мочевин азотунун деңгээлинин жогорулашы, боор ферменттеринин жана кандын билирубинасынын  активдүүлүгү, өзгөчө бөйрөк оорууларында, кант диабетинде жана  реноваскулярдык гипертензияда.

Кан айлануу  органдары тарабынан: лейкопения, нейтропения, агранулоцитоз (АПФ ингибиторлорунун таасири), тромбоцитопения, эритроцитопения, узака дарыланууда гемоглобиндин жана  гематокританын концентрациясынын анча көп эмес төмөндөшү мүмкүн.

 

Башкалар, сейрек кездешүүчү кыйыр таасирлер:

Жүрөк кан тамыр системасы тарабынан: аритмияда, жүрөктүн согушунун ылдамдашы, тахикардия, жогорку коркунучтагы миокарда инфаркты менен жабыркаган оорулууларда АКБ абдан төмөндөп кетүүсүнүн жыйынтыгында  цереброваскулярдык  инсульттун болушу мүмкүн.

Тамак сиӊирүү жолу тарабынан: ичеги-карын  функциясынын  бузулушу, ооздун кургашы, ичтин оорусуу, панкреатит, гепатоцеллюлярдык же  холестатикалык сарык, гепатит, тиш этинин гиперплазиясы, табиттин төмөндөшү.

Тери кабыкчалары тарабынан: бөрү жатыш, көтөрүӊкү тер кетүү, кычышуу, алопеция.

Сийдик-тукум мүчөлөрү системасы тарабынан: бөйрөк функциясынын бузулушу, тез-тезден заара кылуу, олигурия, анурия, курч бөйрөк алсыздыгы, уремия, протеинурия, эркектердин жыныстык жактан алсыз болушу.

Иммунндук системасы тарабынан: антинуклеардык антителдердин пайда болушунан, ЭТЫнын (эритроциттердин тунуу ылдамдыгы) жана артралгиянын ылдамдоосунан улам келип чыккан синдром; миалгия; көп түрдүү эритема; лихорадка.

БНС тарабынан: жогорку уйкусуроо, ооздун жана аяк-буттардын булчуӊ фасцикуляциясы,  астения, көӊүлдүн лабилдүүлүгү, акыл эстин айнышы.

 

Дарынын өз ара таасири

Амлодипин

CYP3A4 изоферментанын ингибиторлору. Дилтиазем амлодипиндин зат алмашуусун, мүмкүн    изофермент CYP3A4 аркылуу  басаӊдатаарын улгайган бейтаптардын арасындагы изилдөөлөр көрсөткөн ( плазмадагы концентрация / кандагы сары суу негизинен 50%га чейин жогорулайт жана  амлодипиндин натыйжасы өсөт). Дилтиаземге караганда  CYP3A4 изоферменттин күчтүүрөөк ингибиторлору (мисалы, кетоконазол, итраконазол, ритонавир) көбүрөөк деӊгээлде  сары суудагы  амлодипиндин  концентрацисын жогорулата алуу мүмкүндүгүн  алып салууга болбойт. Башка дарылар менен бир убакта колдонууну этияттык менен жүргүзүү керек.

CYP3A4 изоферменттин индукторлору. Эпилептикага каршы каражаттар менен (мисалы, карбамазепин, фенобарбитал, фенитоин, фосфенитоин, примидон), рифампицин менен, тешиктүү чай чөбүн камтуучу өсүмдүктөрдөн жасалган дарылар менен бир убакта колдонуу кан плазмасындагы   амлодипиндин концентрациясынын томөндөшүнө алып келиши мүмкүн. CYP3A4 изоферменттин индукторлору менен дарылоо убагында жана ал дарыларды токтоткондон кийин амлодипиндин дозасын мүмкүн болушунча тууралоону текшерүү көрсөткөн. Дарыны бир убакта башка дарылар менен колдонууну этияттык менен жүргүзүү керек. Монотерапия катары  амлодипин  тиазиддик жана  илмектүү диуретиктер менен, жалпы анестезия үчүн каражаттар менен, β-адреноблокаторлор менен, АПФ ингибиторлору менен, узак таасир берүүчү нитраттар менен, нитроглицериндер менен, дигоксиндер менен, варфарин менен, аторвастатин менен, силденафил, антациддик дарылар менен (гидроксид алюминиясы, гидроксид магниясы), симетикондор, циметидиндер менен, ССКК, ичке кабыл алуу үчүн антибиотиктер жана  гипогликемиялык каражаттар менен жакшы айкалышат.

Тиазиддик жана   илмектүү диуретиктер менен, верапамил менен, АПФ ингибиторлору менен, β-адреноблокаторлору менен жана   нитраттар менен чогуу бир убакта колдонууда антиангиналдык жана  антигипертензивдик таасирдин БКК күчөшү мүмкүн, ошондой эле α-адреноблокаторлор менен, нейролептиктер менен чогуу бир убакта колдонууда алардын антигипертензивдик таасири күчөйт.

Эссенциалдык гипертензия менен жабыркаган ооруулуулардын 100 мг силденафилди бир жолу кабыл алуусу амлодипиндин фармакокинетикасынын параметрине таасир бербейт. Амлодипинди  10 мг дозада жана  аторвастатинди  80 мг дозада экинчи жолу кабыл алууда  аторвастатиндин фармакокинетикасынын көрсөткүчтөрү маанилүү өзгөрүүлөр менен коштолбойт. Вируска каршы каражаттар (ритонавир) ККТ плазмендик, анын ичинде  амлодипиндин концентрациясын жогорулатат.

Нейролептиктер жана  изофлуран — дигидропиридинден өндүрүлгөн антигипертензивдик таасирдин күчөшү.

Амлодипин этанолдун фармакокинетикасына олуттуу таасир көрсөтпөйт.  Кальцийден жасалган дарылар  ККТдын натыйжасын азайтышы мүмкүн.

Амлодипинди  литий дарылары менен чогуу бир убакта колдонуу  нейроуулуулуктун пайда болушун күчөтүшү мүмкүн (көӊүл айнуу, кусуу, диарея, атаксия, тремор, кулактын чуулдашы).

Амлодипин циклоспориндин фармакокинетикасынын маанилүү өзгөрүүсүнө таасир бербейт.

Амлодипин кандагы диоксиндин сары суусунун концентрациясына жана анын бөйрөк клиренсине таасир көрсөтпөйт.

Амлодипин варфариндин (ПВ) таасирине олуттуу таасир бербейт.

Циметидин амлодипиндин фармакокинетикасына таасир бербейт.

Эстрогендер менен симпатомиметиктер менен бир убакта чогуу колдонууда  БИФФЕКТ дарысынын антигипертензивдик натыйжасы төмөндөшү мүмкүн.

QT интервалын узартуучу прокаинамид, хинидин жана башка ДК анын маанилүү узарышына көмөкчү болушу мүмкүн. .

in vitro изилдөөлөрүндө амлодипин дигоксиндин, фенитоиндин, варфариндин жана  индометациндин кандагы белоктору менен байланышына таасир бербейт.

Амлодипинди   грейпфрут ширеси менен чогуу кабыл алуу сунушталбайт,  анткени кээ бир бейтаптарда бул амлодипиндин биожеткиликтүүлүгүнүн жогорулашына алып келиши мүмкүн, жыйынтыгында анын антигипертензивдик натыйжасы жогорулайт.

Лизиноприл

Кандын сары суусундагы калийдин курамынын жогорулашына алып келүүчү(мисалы гепарин), калийдин курамына таасир берүүчү заттар — калийди коргоочу диуретиктер (мисалы спиронолактон, амилорид жана триамтерен), калийкамтуучу азык зат кошумчалары, калийкамтуучу тузду ордун алмаштыруучулар жана бардык башка  дары каражаттары —АПФ ингибиторлору менен айкалышууда гиперкалиемияга алып келүүсү мүмкүн, өзгөчө бөйрөк жетишсиздиги жана башка анамнездеги бөйрөк ооруулуулары менен жабыркаган бейтаптарда. Калийдин курамына таасир берүүчү дары каражаттарын  лизиноприл менен чогуу дайындоодо кан сары суусундагы калийдин курамын текшерип туруу керек. Ошондуктан дарыны чогуу бир убакта дайындоо бөйрөктүн функциясы сыяктуу эле  кан сары суусундагы калийдин курамы  өзгөчө этияттык менен жана үзгүлтүксүз текшерүү менен дыкат шартталышы жана өндүрүлүшү керек. Калийкоргоочу диуретиктерди  БИФФЕКТ дарысы менен чогуу бир убакта дыкат медициналык байкоонун негизинде гана кабыл алууга мүмкүн.

Диуретиктер. БИФФЕКТ дарысын кабыл алып жаткан бейтапка диуретикти дайындоо учурларында  гипертензияга каршы натыйжа эреже боюнча күчөйт. Башка дары каражаттары менен чогуу кабыл алууну этияттык менен жүргүзүү керек. Лизиноприл диуретиктердин калийуретикалык натыйжасын жумшартат.

Башка гипотензивдик дарылар. Бул дарыларды чогу бир убакта колдонуу  БИФФЕКТ дарысынын  гипертензияга каршы натыйжаларын күчөтүшү мүмкүн.  Нитроглицерин менен, башка  нитраттар менен же  вазодилататорлор менен чогуу бир убакта колдонуу АКБ айкын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Үч циклдүү  антидепрессанттар, психотикага каршы каражаттар, жалпы анестезия үчүн каражаттар, наркотикалык анальгетиктер. АПФ ингибиторлору менен чогуу бир убакта колдонуу АКБ айкын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Этанол  антигипертензивдик натыйжаны күчөтөт.

Аллопуринол, прокаинамид, цитостатиктер же   иммунодепрессантттар (системдүү ГКС) АПФ нгибиторлору менен чогуу бир убакта колдонууда лейкопениянын жогорку коркунучунун өнүгүүсүнө алып келиши мүмкүн. Антациддер жана   колестирамин АПФ нгибиторлору менен чогуу бир убакта колдонууда акыркылардын биожеткиликтүүлүгүн төмөндөтөт.

Симпатомиметиктер  АПФ нгибиторлорунун антигипертензивдик натыйжасын азайтышы мүмкүн; ошондуктан керектүү натыйжага жетүү үчүн абдан дыкат текшерүү жүргүзүү зарыл.  Гипогликемиялык дарылар. АПФ нгибиторлору менен гипогликемиялык дары каражаттарын чогуу бир убакта колдонууда  (ичке кабыл алуу үчүн инсулин жана гипогликемиялык каражат) гипогликемия коркунучу жана кандагы глюкозанын концентрациясынын төмөндөө мүмкүнчүлүгү жогорулашы мүмкүн. Бул феномен барынан көбүрөөк айкалышкан дарылоонун биринчи жумасында жана бөйрөк алсыздыгы менен жабыркаган бейтаптарда байкалышы мүмкүн. ССКК (селективдүү ингибиторлорду ЦОГ-2 кошкондо). ССКК узак убакытка колдонууда, буга ацетилсалицил кислотасынын  көбүрөөк  3 г/сут жогорку дозасын кошкондо, АПФ нгибиторлорунун  антигипертензивдик натыйжасын төмөндөтүшү мүмкүн. ССКК жана АПФ нгибиторлорун кабыл алууда аддитивный натыйжа бөйрөк функциясынын начарлашына алып келиши мүмкүн жана кан сары суусундагы калийдин курамынын жогорулашында байкалат.  Бул натыйжалар негизинен кайтарымдуу. Абдан сейрек учурларда өзгөчө улгайган адамдарда жана суусуз калган бейтаптарда курч бөйрөк жетишсиздигинин өнүгүшү мүмкүн.

Литий дарылары. Литийди бөлүп чыгаруу  АПФ нгибиторлору чогуу бир убакта колдонууда жайлатылышы мүмкүн, ошондуктан бул мезгилде кан сары суусундагы литийдин концентрациясын текшерип туруу керек. Литий дарылары менен чогуу бир убакта колдонууда алардын  нейроуулуулугунун (көңүл айнуу, кусуу, диарея, атаксия, тремор, кулактын чуулдашы) пайда болушу күчөшү мүмкүн.

Алтын дарылары. АПФ ингибиторлорун жана алтын дарыларын (ауротиомалат натрийи) к/и чогуу бир убакта колдонууда көӊүл айнууну, кусууну жана артериалдык гипотензияны, беттин гиперемиясын алып жүрүүчү   симптомокомплекс сүрөттөлгөн.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Ичүү үчүн, тамак-аш кабыл алганга карабастан. БИФФЕКТ дарысынын таасир берүүчү курам бөлүктөрүн өзүнчө кармоочу мурунку эле дозалар АКБдын тиешелүү текшерүүсүн камсыз кылбаган учурларда дарыны кабыл алуу сунушталат.

Антигипертензивдик каражаттарды кабыл албоочу бейтаптар үчүн суткалык доза — 1 табл.

Эгер мындай дарылануу өткөрүлүп жатса, дарыланууга  2–3 күн калганда диуретиктерди кабыл алууну токтотуу керек. Качан диуретиктерди токтотуу мүмкүн болбогон учурларда,   БИФФЕКТ дарысынын баштапкы дозасы суткасына 1/2 табл. түзөт, дарыны кабыл алгандан кийин бир канча сааттын ичинде симптоматикалык гипотензиянын өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн улам оорулууга дарыгердик байкоо жүргүзүп турууну камсыздоо керек.

жүрөк жетишсиздигинде жана айкын артериалдык гипертензияда коштоп жүрүүчү доза — 1 табл.

Лизиноприлдин бөлүнүп чыгышы бөйрөк аркылуу ишке ашкандыктан, бөйрөк жетишсиздигинде, креатинин клиренсинде  1/2 негизги башапкы дозанын 30–70 мл/мин дайындайт. Коштоп жүрүүчү доза оорулуунун жеке реакциясынан көз каранды, дарылоо кандагы натрийдин жана калийдин деӊгээлин, бөйрөк функциясынын үзгүлтүксүз текшерилип турушун талап кылат.

Боордун жабыркашында амлодипиндин бөлүнүп чыгуусу жайлап калышы мүмкүн, ошондуктан дарыны дайындоо өзгөчө этияттыкты талап кылат, БИФФЕКТ дарысынын баштапкы дозасы суткасына — 1/2 таблетка.

 

Ашыкча доза

Амлодипин

Белгилери: Рефлектордук тахикардиянын мүмкүн болгон өнүгүүсү жана эӊ эле көп   перифериялык вазодилатация менен АКБдын айкын төмөндөшү  (айкын жана туруктуу артериалдык гипотензиянын өнүгүү коркунучу, анын ичинде өлүмгө алып келген жана шоктун өнүгүүсү менен).

Дарылоо: ичеги-карынды жууп тазалоо, активдештирилген көмүрдү дайындоо,   СМК  (системдүү муундук каршылашуу) функциясын колдоо,

СМК функциясын жана дем алуу системасын текшерүү, бейтаптын буттарын көтөрүп, горизонталдык абалда жаткыруу, КАК (кан айлантуу көлөмү) жана диурезди текшерүү. Кан тамырлардын тонусун калыбына келтирүү үчүн — тамырды кургатуучу каражаттарды дайындоо (аларды колдонуу боюнча каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда); кальций каналдарынын бөгөттөөсүнүн натыйжасын  четтетүү максатында  —кальций глюконатын к/и куюу керек. Гемодиализ натыйжалуу эмес.

Лизиноприл

Белгилери: АКБ айкын төмөндөшү, ооздун кургашы, уйкусуроо, заара чыгаруунун кармалышы, ич катуу, тынсыздануу, кыжырдануунун жогорулашы. Дарылоо: ичеги-карынды жууп тазалоо, активдештирилген көмүрдү дайындоо, бейтаптын буттарын көтөрүп, горизонталдык абалда жаткыруу,  КАК текшерүү —плазмо ордун басуучу эритиндилерди к/и куюу,  белгилерине жараша дарылоо, дем алуу системасын жана СМК функциясын, КАК,  мочевиндерди, кандын сары суусундагы креатинин жана   электролиттерди, ошондой эле  диурезди текшерүү. Лизиноприл гемодиализдин жардамы аркылуу организмден жок кылынышы мүмкүн.

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Артериалдык гипотензия. Клиникалык  симптомдордун өнүгүүсү менен АКБ айкын төмөндөшү,  диуретиктерди кабыл алуунун негизинде натрийди курамына камтыган жана/же КАК төмөндөшү менен суюуктукту жоготуу же башка себептер менен мисалы, абдан көп тердеген, узака созулган окшуу жана/же диареясы бар бейтаптарда байкалган. Суюуктукту жоготууну жана/же натрийди калыбына келтирүүнү БИФФЕКТ дарысы менен дарылап баштоодон мурда жүргүзүү керек. Баштапкы дозаны кабыл алгандан кийин АКБ мониторирлөө керек. Мындай абалдар ЖИО(жүрөктүн ишемиялык ооруусу) же цереброваскулярдык оорулары бар бейтаптарга таандык, АКБ айкын төмөндөп кетиши у которых у миокарданын инфарктына же инсульт болуу абалына алып келиши мүмкүн.

Аорталдык жана   митралдык стеноз. Бардык эле тамырды кеңейтүүчү дарылар сыяктуу, дарыны клапандын стенозу менен жана сол карынчанын чыгуу жолунун обструкциясы менен жабыркаган бейтаптарга этияттык менен дайындоо керек.

Бөйрөк  функциясынын бузулушу. Артериалдык гипертензиясы бар  кээ бир бейтаптарда реноваскулярдык ооруулардын айкын эмес пайда болушу,   кан сары суусундагы мочевиндер жана  креатининдин концентрациясынын жогорулашы, көбүнчө учурларда  минималдык же   транзитордук, ал эми диуретиктерди жана АПФ ингибиторлорун чогуу бир убакта кабыл алууда дагы айкыныраак байкалган. Бул дагы көбүрөөк анамнезде бөйрөк ооруулары менен жабыркаган бейтаптарга мүнөздүү.  Жалпы коштоп жүроүүчү дозаны аныктоо үчүн алгач лизиноприл жана амлодипинди өзүнчө кабыл алуу менен, ошол эле убакта бөйрөктүн функциясын  мониторирлөө аркылуу жеке тартипте дозалоо режимин аныктоо керек.  БИФФЕКТ лизиноприлдин жана  амлодипин титрованасынын  20 дан 5 мг (же 5 жана 10 мг, же 10 жана 20 мг) чейинки өтө ыңгайлуу, коштоп жүрүүчү дозасы туура келген бейтаптарда гана көрсөтүлгөн.

Бөйрөк функциясынын төмөндөп кеткен учурунда БИФФЕКТ дарысын кабыл алууну токтотуу керек жана аны адекваттуу дозадагы дарылар менен коштолгон монотерапияга алмаштыруу керек. Ошондой эле, дозаны төмөндөтүү же диуретиктерден баш тартуу талап кылынат

Ангионевротикалык шиши. Беттин ангионевротикалык шишиги, бут-аяктардын , ооздун, тилдин, үн жана / кекиртек катмарлары лизиноприлди кошкондо  АПФ ингибиторлорун кабыл алуучу бейтаптарда катталган. Мындай БИФФЕКТ дарысын кабыл алууну тезинен токтотуу керек жана оорунун белгилери толугу менен жоголгонго чейин бейтапка дыкат медициналык байкоо жүргүзүү зарыл. Беттин, буту колдун, ооздун шишиги негизинен өз алдынча эле кетип калат, ошентсе да, оорунун белгилеринин дааналыгын азайтуу үчүн антигистаминдик дарыларды колдонуу керек. Кекиртек шишиги менен коштолуп жүрүүчү ангионевротикалык шишик  өлүмгө алып келиши мүмкүн. Дем алуу жолдорунун обструкциясынын себеби болгон тилдин, колко же кекиртектин шишиги пайда болгондо, шашылыш түрдөгү чараларды көрүп баштоо керек. Көрүлүүчү чараларга төмөнкүлөр кирет:  0,1% эпинефрин (адреналин) эритиндисин т/а 0,3–0,5 мг дозада же  жай түрүндө 0,1 мг к/и, кийинки болуп ГКС (к/и) жана антигистаминдик дарыларды колдонуу жана ошол эле убакта адамдын өмүрүнө өтө керектүү функцияларга байкоо жүргүзүү.  АПФ ингибиторлорун кабыл алуучу бейтаптарда  интестиналдыкангионевротикалык шишик сейрек байкалган.  Бул бейтаптар ичинин оорусуна нааразычылыгын билдиришкен (көңүл айнуу жана кусуу менен же бул белгилерсиз); кээ бир учурларда мурда болуп өткөн беттинангионевротикалык шишигин карашкан эмес жана активность С1-эстеразанын активдүүлүгү норманын чегинде болгон.  Интестиналдык ангионевротикалык шишик УҮИ кийин жана ИКЖ компьютердик томографиясынын маалыматтары боюнча же хирургиялык кийлигишүүнүн негизинде диагностон өткөрүлдү; ооруунун белгилери  АПФ ингибиторлорун кабыл алууну токтоткондон кийин жоголуп баштаган. АПФ ингибиторлорун кабыл алуучу бейтаптардын ич ооруусуна дифференциалдык диагностика жүргүзүүдө, интестиналдык ангионевротикалык шишикти эске алуу керек.

Гемодиализде болгон бейтаптардын анафилактикалык реакциясы  полиакрилнитрилдик  мембрана (миаслы AN69®) аркылуу гемодиализ өткөрүлгөн жана ошол эле убакта АПФ ингибиторлорун кабыл алган бейтаптарда  анафилактикалык шок учурлары катталган, ошондуктан мындай айкалышуудан алыс болуу керек. Бейтаптарга диализдик мембрананын башка түрүн кабыл алуу же башка фармадарылык топтун гипотензивдик дарысы  сунушталат.

ТЖЛП афереза убагында бейтаптардын анафилактикалык реакциясы.

Сейрек учурларда декстрана сульфаттын ТЖЛП афереза убагында АПФ  ингибиторлорун кабыл алуучу бейтаптарда өмүргө коркунуч алып келүүчү развивались анафилактикалык реакция өнүккөн. Мындай реакциялар  аферезанын ар бир процедурасынын алдында  АПФ  ингибиторлорун кабыл алууну токтотуу жолу менен оорууну алдын алган.

Бал аары уусунан же аарыдан десенсибилизация.

Кээде АПФ  ингибиторлорун кабыл алган бейтаптарда жаргак канаттуулардын уусу менен при десенсибилизациялоодо (мисалы аары же бал аарысы) развивались анафилактикалык реакция өнүккөн. Мындай жашоого коркунуч алып келүүчү абалдардан десенсибилизация процедурасын жүргүзүүдөн мурда АПФ  ингибиторлорун кабыл алууну токтотуу аркылуу алыстоо мүмкүн.

Боорго таасири. Сейрек учурларда АПФ  ингибиторлорун кабыл алуу гепатит же сарык менен башталган жана боордун фульминанттык некрозу менен токтогон жана бир канча учурларды өлүмгө да алып келген синдром менен коштолгон. Бул синдромдун иштөө механизми белгисиз.  БИФФЕКТ дарысын кабыл алуучу жана сарык ооруусу же боор ферменнтеринин активдүүлүгүнүн жогорулашы байкалган бейтаптарда алардын кийинки абалына байкоо жүргүзүү менен дарыны токтотуу керек.

Боор жетишсиздиги. Боор функциясы бузулган T1/2 амлодипин узартылган. Ушул убакта дозалоо режими боюнча сунуштар иштелип чыккан эмес, ушуга байланыштуу болжолдуу түрдө күтүлгөн пайданы жана дарылоонун потенциалдуу коркунучун баалоо менен бул дары каражатын этияттык менен дайындоо керек.

Нейтропения/агранулоцитоз. Кээ бир учурларда АПФ  ингибиторлорун кабыл алган бейтаптарда нейтропения, агранулоцитоз, тромбоцитопения жана анемия катталган. Бөйрөк фугнкциясы нормалдуу иштеген бейтптарда нейтропениянын башка оордук келтирүүчү факторлору сейрек кездешет.  Нейтропения жана агранулоцитоз кайрадан кайталануучу болуп саналат жана АПФ  ингибиторлорун кабыл алууну токтоткондон кийин жоголот. БИФФЕКТ дарысын бириктирүүчү ткандардын системдүү ооруусуу менен жабыркаган бейтаптар иммуносупрессивдик дарылоону жүргүгүзүүдө, аллопуринол менен же  прокаинамид менен дарылоо мезгилинде же  бул оордук келтирүүчү факторлордун айкалышында, өзгөчө бөйрөк функциясынын мурда болгон бузулууларынын бар болушунда этияттык менен кабыл алуусу керек. Бул бейтаптардын кээ бирлеринкөптөгөн учурларда антибиотиктер менен дарылоодо эч кандай жооп алалбаган олуттуу инфекциондук ооруулары өрчүгөн. БИФФЕКТ дарысы менен дарылануу мезгилинде мындай бейтаптардынлейкоциттерин лейкоцитардык формуланы эске алуу менен кандын анализин берүү) үзгүлтүксүз текшерип туруу керек, ошондой эле аларды инфекциондук ооруулардын биринчи белгилеринин пайда болушу тууралуу алдын ала эскертип туруу зарыл.

Жөтөлүү. АПФ  ингибиторлорун кабыл алуу мезгилинде жөтөлүү жыш катталган. Негизинен өндүрүмдүү эмес, дайыма болуучу жөтөл, дарыны кабыл алууну тктоткондон кийин токтогон. Жөтөлдүн дифференциалдык  диагнозунда, АПФ  ингибиторлорун кабыл алуу менен пайда болгон жөтөлдү эске алуу керек.

Хирургиялык кийлигишүү/жалпы анестезия. Жалпы оперативдүү кийлигишүү өткөрүлүп жаткан бейтаптарда же дарылар менен жалпы анестезия кылуу убагында,  артериалдык гипотензияга алып келүүчү, лизиноприл рениндин компенсатордук ыргытуусунан кийин ангиотензина IIнин  пайда болушун бөгөттөөсү мүмкүн. Эгер  артериалдык гипотензия өнүгүп жатса, жогоруда көрсөтүлгөнмеханизмдин жыйынтыгында, ЦКК жогорулоосу менен тууралоонуу жүргүзүү мүмкүн.

Улгайган бейтаптар. Бөйрөк функциясы бузулган улгайган бейтаптарга лизиноприл жана амлодипинди өзүнчө кабыл алуу менен дозасын тууралоо керек.

Гиперкалиемия. АПФ  ингибиторлорун кабыл алган кээ бир бейтаптарда кандын сары суусундагы калийдин курамынын жогорулашы байкалган. Гиперкалиемиянын өсүшү боюнча коркунуч келтирген топту бөйрөк жетишчиздиги бар, кант диабети, курч өнөкөт жүрөк жетишсиздиги менен жабыркаган,  дегидратациясы бар, метаболикалык ацидозу менен же  калийкоргоочу диуретиктерди чогуу бир убакта кабыл алган, калийкамтыган тамак кошумчалары, калийкамтылган  туздун ордун ээлөөчү же кандын сары суусундагы калийдин курамын жогорулашына (мисалы гепарин) алып келүүчү бардык башка дары каражаттары бар бейтаптар түзөт. Зарыл болгон учурда жогоруда саналган дарылар менен чогуу бир убакта кабыл алууда кандын сары суусундагы калийдин курамын текшерип туруу керек. Дене салмагы төмөн болгон, бою абдан узун эмес болгон жана боордун функциясы айкын бузулганбейтаптардын дозасын төмөндөтүү талап кылынышы мүмүкүн. БИФФЕКТ зат алмашууга жана кандын плазмасынын липиддерине кандайдыр бир жагымсыз таасир көрсөтпөйт жана кант  диабетижана подаграсы, бронхиалдык астмасы бар бейтаптарды дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Дарылануу мезгилинде дене салмагын жана тиш дарыгерге көрүнүүнү текшерип туруу керек. (ооруксунууну, кан кетүүнү жана тиш эттеринин гиперплазиясын алдын алуу үчүн ).

Авто унааны башкаруу жөндөмдүүлүгүнө же физикалык жана психикалык жогорку ылдамдык реакциясын талап кылуучу иштерди аткарууга таасир берүү.

БИФФЕКТ дарысын этияттык менен колдонуу керек (баш айлануу жана АКБ айкын төмөндөшүнүн өнүгүү коркунучу). Ошондуктан дарылануунун башталышында транспорттук каражаттарды башкаруудан жана психикалык жогорку ылдамдык реакциясын талап кылуучу иштерди аткаруудан алыс болуу сунушталат.

 

Чыгаруу формасы

Стрипалардагы 10 штуктан таблеткалар, колдонуу боюнча нускамасы менен бирге  картон кутуда 3 стрипа бар.

Сактоо  шарты жана мөөнөтү

Кургак, жарык тийбеген, 30°Сден жогору болбогон аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү- 3 жыл.

Дарыканалардан чыгаруу шарты

Дарыгердин рецепти менен берилет.

 

на русском

Кыргыз Республикасы, Бишкек, Якутская, 17

Тел: 996(312) 98-62-04