Червужид

 

Хлорамфеникол / Метронидазол/ Нистатин / Гидрокортизон ацетаты

 

- Дарыны колдонууну баштаардан мурун кунт коюуп бул кошмо-баракчаны окуп чыгыӊыз.

 - Бул кошмо-баракчаны сактап коюуӊуз. Балким аны кайрадан окуп чыгууга керек болуп

калышы мүмкүн.

- Эгерде кошумча маалыматтар керек болуп калса сизди дарылап жаткан дарыгерге же

фармацевтке кайрылыӊыз.

- Бул дары Сизге дайындалган. Аны башка адамдарга бербеӊиз. Балким, ал адамда окшош белгилер болсо дагы күтүлбөгөн реакциялар пайда болуп калуусу мүмкүн.

- Кыйыр натыйжалар пайда болгондо дарыгер менен же болбосо фармацевт менен кеӊешиӊиз.

 

Бул кошмо-баракчадан төмөнкү маалыматтарды таба аласыз:

1. ЧЕРВУЖИД деген эмне жана колдонууга көрсөтмө;

2. ЧЕРВУЖИД дарысын колдонуунун алдында;

3. ЧЕРВУЖИД дарысын колдонуу жолу;

4. Боло турган кыйыр таасирлер;

5. ЧЕРВУЖИД дарысын сактоо шарты;

6. Кошумча маалымат.

 

1. ЧЕРВУЖИД ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА КОЛДОНУУГА КӨРСӨТМӨ

Бул дары айрым бир микроорганизмдер козгогон кындагы инфекцияларды жана жатын моюунчасынын инфекцияларын дарылоо же алдын алуу үчүн колдонулат.

Колдонууга көрсөтмө:

- Грам оӊ же грам терс, аэробдук жана анаэробдук (Clostridium spp. ичине камтуу менен) бактериялар пайда кылган вагинитти жана цервицитти дарылоо;

- Башка микроорганизмдер менен айкалышкан Trichomonas vaginalis козгогон вагинитти жана цервицитти дарылоо;

- Башка микроорганизмдер менен айкалышкан Chlamydia spp vaginalis же Mycoplasma spp. козгогон вагинитти жана цервицитти дарылоо;

- Башка микроорганизмдер менен айкалышкан Candida spp. vaginalis козгогон  вагинитти жана цервицитти дарылоо;

- Trichomonas vaginalis, Candida spp жана Mycoplasma spp. же болбосо Chlamydia spp козгогон аралаш вагинитти дарылоо;

- Иммуносупрессанттарды, цитостатиктерди, кортикостероиддерди же нурлануу менен дарыланууну кабыл алган бейтап айымдардагы вагинит жана цервициттин алдын алуу;

- Гениталдык аймагынын иликтөөсүнүн алдында (гистеросальпингография, гидротубация, биопсия эндометрия жана башкалар) же оперативдик дарылануунун алдында турган бейтап айымдардагы вагинит жана цервициттин алдын алуу;

- Микроскопиялык жалпы көрүнүшүн жана цитотестин интерпретациясын жакшыртуу үчүн Папаниколау (ПАП-тест) боюнча цитологиялык шыбоо (мазка) процедурасын жүргүзүүнүн алдында патогендик флораны дарылоо.

 

ЧЕРВУЖИД дарысы чоӊ айымдар үчүн көрсөтүлгөн. Керек болгон учурда өспүрүмдөр үчүн колдонулушу мүмкүн.

 

2. ЧЕРВУЖИД ДАРЫСЫН КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА

ЧЕРВУЖИД дарысын төмөнкү учурларда колдонууга болбойт:

- Дарынын кайсыл бир курам бөлүгүнө карата болгон жогорку сезимталдуулук;

- Олуттуу боор же болбосо бөйрөк алсыздыгы;

- Оор гематологиялык оорулар;

- Кош бойлуулук же эмизүү мезгили.

 

ЧЕРВУЖИД дарысын колдонууда этияттык чаралары

Анамнезде гематологиялык оорулардын бар болушунан улам узак мөөнөттүк дарылануу керек болгон учурда перифериялык кандын жалпы көрүнүшүнө дайыма көзөмөл талап кылынып турат. Бирок бул дары боюнча жогорудагы реакциялар берилген эмес, ошондой болгон учурда да эритроциттердин, лейкоциттердин жана/же тромбоциттердин санынын төмөндөөсүндө дарыланууну токтотуу керек.

Борбордук же перифериялык нейропатия (кыймылсыздык, атаксия, баш айлануу, калтыроо) сыяктуу жагымсыз реакцияларды узак мөөнөттүк дарыланууда көзөмөлгө алуу сунушталат. Бирок мындай реакциялар бул дарыны колдонуп жатканда катталган эмес, ошондой болсо дагы атаксиянын пайда болуусу, баш айлануу же дезориентациялар дарыланууну токтотууну талап кылат.

Эгерде сизде олуттуу, өнөкөт же өнүгүүчү абалдагы борбордук жана перифериялык неврологиялык тынчсыздануулар бар болгон болсо, бул дарыны неврологиялык бузулуулардын начарлоо кооптулугунун болуусунан улам этияттык менен колдонуу керек.

Ысуу түрүндө пайда болгон, бетке кандын куюулушу жана кусуу, тахикардия жана башка ушундай сыяктуу дисульфирам сымал реакциялардын пайда болуусун жок кылуу үчүн дарыланып жатканда алкоголь же алкоголь камтылган дарыларды кабыл алууга болбойт жана сунушталбайт, мындан сырткары дарыланууну бүткөндөн 48 сааттын ичинде да алкогольду колдонууга болбойт. Жылына 2-3 курстан ашык кабыл алууга болбойт.

ЧЕРВУЖИД дарысы менен бирге механикалык контрацепцияларды (презервативдер же диафрагмалар) пайдаланууда бойго болтурбаган каражаттардын айрылып кетүү кооптулугун жогорулатат.

 

Башка дары каражаттарын колдонуу

Дарыгериӊизге же фармацевтке Сиз жакында же учурда кабыл алып жаткан дары каражаттарыӊызды жана ошондой эле рецепти жок дарылар тууралуу билдириӊиз.

 

Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү

Башка дары каражаттарын кабыл алуудан мурун дарыгер же болбосо фармацевт менен кеӊешиӊиз.

ЧЕРВУЖИД дарысын кош бойлуулукта колдонууга болбойт, дарыгериӊиз эле керек деп эсептеген учурда гана мүмкүн.

ЧЕРВУЖИД дарысын колдонбоӊуз, эгерде эмчек эмизип жаткан болсоӊуз. Эгерде дарыгериӊиз дарылануу абдан керек экендигин эсептесе эмизүүнү албетте токтотуӊуз.

 

Авто унааны айдоо же шаймандар менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири

ЧЕРВУЖИД авто унааны айдоо же шаймандар менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбейт.

 

3. ЧЕРВУЖИД ДАРЫСЫН КАНДАЙ КОЛДОНУУ КЕРЕК

ЧЕРВУЖИДди дайыма Сиздин Дарыгериӊиз айткандай колдонуӊуз. Эгерде Сиз шектенип жатсаӊыз Дарыгериӊизден же фармацевттен дарыны кандай колдонуу керектигин сурап алыӊыз.

Эгерде Сиз ЧЕРВУЖИД дарысы менен дарыланууда натыйжалуу таасир абдан күчтүү же абдан начар деп эсептесеӊиз өзүӊүздүн дарыгериӊизге же фармацевтиӊизге кайрылыӊыз.

ЧЕРВУЖИД кын ичине салынат. Кынга салынуучу суппозиторий кын ичине далы менен жаткан абалда тереӊ салынат. Кадимки доза күнүгө, кечинде жатаар алдында бир кын  ЧЕРВУЖИД суппозиторийин түзөт. Дарылануунун улануусу 12 күндү түзөт.

Цервициттер учурунда жара жаракаттарын дарылоодогу дарылануу курстарынын ортосу 7 күн аралыгы менен жаранын толук айыгуусуна чейин 1-2 жолу кайталанат.

Эгерде инфекциялык агенттери аркылуу козголгон (аднексит, пельвиоперитонит) цервицит жана вагинит курч мүнөздөгү сезгенүү оорулары менен коштолсо, Сиздин дарыгериӊиз ЧЕРВУЖИД дарысын комплекстүү дарыланууда системалык антибиотиктер менен бирге колдонууну сунушташы мүмкүн.

ЧЕРВУЖИД балдар үчүн колдонууга сунушталбайт.

ЧЕРВУЖИД дарысын өспүрүм курактагылар үчүн колдонуу керек болгон учурда чоӊдор үчүн колдонулган доза талап кылынат.

ЧЕРВУЖИД дарысы менен дарылоонун уланышы оорунун жакшы болуп келе жаткан белгилердин маал-маалы менен бааланган абалы дарыгер тарабынан аныкталат.

 

Эгерде Сиз ЧЕРВУЖИДди абдан узак мөөнөткө кабыл алган болсоӊуз, дарыгер же фармацевт менен кеӊешиӊиз.

 

Эгерде Сиз ЧЕРВУЖИД дарысын колдонууну унутуп калган болсоӊуз, эки эселенген дозаны мурунку дозаны толтуруу үчүн кабыл албаӊыз.

 

Эгерде Сиз ЧЕРВУЖИД дарысын колдонууну токтотуп койсоӊуз

Дарылап жаткан дарыгердин кеӊеши менен ЧЕРВУЖИДди дарылануунун аягына чейин кабыл алууну улантыӊыз. Сизге ар бир доза учурдагы ооруну айыктыруу же жеӊилдетүү үчүн керек. Дарыланууну дароо токтоткондон кийин эч кандай жагымсыз белгилер аныкталып чыккан эмес.

Эгерде сизде бул дары боюнча кошумча суроолор пайда болгон болсо өзүӊүздүн дарыгериӊизден же фармацевтен сураӊыз.

 

4. БОЛО ТУРГАН КЫЙЫР ТААСИРЛЕР

Башка дары каражаттары сыяктуу эле ЧЕРВУЖИД да кыйыр таасирлерди пайды кылуусу мүмкүн, бирок алар бардык адамдарда эле боло бербейт.

Активдүү заттардын системалык сиӊирилиши төмөн болгондуктан кыйыр реакциялардын кооптулугу өтө маанилүү эмес.

Узак дарыланууда жана биринчи дозаны кабыл алгандан кийин ошол жерде кызаруу же ачышуу пайда болушу мүмкүн.

Эгерде бул реакциялардын кандайдыр бирөөсү олуттуу боло турган болсо же Сиз колдонмо кагазында жазылбаган кандайдыр бир кыйыр таасирлерди байкасаӊыз дарыгерге же фармацевтке кабарлаӊыз.

 

5. ЧЕРВУЖИД ДАРЫСЫН КАНТИП САКТОО КЕРЕК

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

25 °С ден төмөн болгон аба табында, оригиналдуу таӊгакчасында сактоо керек.

 

ЧЕРВУЖИДди таӊгакчада көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Жарактуулук мөөнөтү айдын акыркы күнүнө туура келет.

Каражатты канализацияга же тиричилик таштандары менен бирге ыргытууга болбойт. Сизге керек эмес дарылардан арылуу үчүн дарыгериӊиз менен кеӊешиӊиз. Бул этияттык чаралары айлана-чөйрөнү коргоого жардам берет.

 

6. КОШУМЧА МААЛЫМАТ

 

ЧЕРВУЖИД эмнени камтыйт?

Таасир берүүчү заттар: хлорамфеникол, метронидазол, нистатин, гидрокортизон ацетаты.

Башка курам бөлүктөрү болуп төмөнкү эсептелет: Витепсол H15.

 

ЧЕРВУЖИД жана таӊгакчадагы камтылгандар кандай көрүнөт?

ЧЕРВУЖИД – бул кынга салынуучу суппозиторийлер, торпедо сымал формадагы, жылмакай, ачык-сары түстө. 6 кынга салынуучу суппозиторийлер контурлуу уячалуу таӊгакчаларга салынган. 2 контурлуу уячалуу ПВХ дан жасалган таӊгакчалар картон кутучада кошмо-баракча менен бирге орун алган.

 

на русском

Кыргыз Республикасы, Бишкек, Якутская, 17

Тел: 996(312) 98-62-04