Флузин

 

Курамы:

Ар бир желатин капсуласы төмөнкүлөрдү камтыйт:

Флуконазол 150 мг (Ф США);

Көмөкчү заттар: жүгөрү крахмалы, кремнийдин коллоиддүү суусуз диоксиди, натрий крахмал

гликоляты, тазартылган тальк.

 

Фармадарылык тобу

Грибокторго каршы каражат.

АТХ коду: J02 АС01

 

Фармакологиялык касиети

Фармакодинамикасы

Грибокторго каршы каражат. Цитохрома Р450 көз каранды болгон грибоктук ферменттердин активдүүлүгүн ингибирлейт; грибоктук клеткаларынын ланостеролунун мембрандык липид эргостеролго айланышын токтотот. Жыйынтыгында клеткалык мембрананын өткөрүүсү кеӊейет, анын өсүүсү жана репликациясы бузулат.

Оппортунистикалык микоздордо активдүү, ошондой эле анын ичинде Candida spp. өндүргөнү да бар (алсыраган иммунитеттин фонунда курч мүнөздөгү кандидозду ичине камтыйт), Cryptococcus neoformans (баш сөөктөгү инфекцияларды да ичине камтыйт), Microsporum spp. жана Trichophyton spp; Blastomyces dermatitides, Coccidioides immitis (баш сөөктөгү инфекцияларды да ичине камтыйт) пайда кылган эндемиялык микоздордо, Histoplasma capsulatum нормалдуу жана алсыраган иммунитетте.

Флуконазол, цитохрома Р450 грибоктору үчүн жогорку тандалма болуп саналат, ал адам органындагы бул энзиманы бузбайт; эӊ аз деӊгээлде Р450 көз каранды болгон адам боорунун микросомдорунда (итраконазол, клотримазол, эконазол жана кетоконазолго салыштырмалуу) кычкылданган процесстерди ингибирлейт.

 

Фармакокинетикасы

Ичеги-карын жолдорунан абдан жакшы сиӊирилет (тамак-аш сиӊирүүнүн ылдамдыгына таасир бербейт), биожеткиликтүүлүгү - 90%.

Ачкарын 150 мг ичип кабыл алгандан кийин эӊ жогорку концентрацияга жетүү (Стах) убактысы - 0.5-1.5 саат. Плазмадагы концентрация дозадан түз пропорционалдуу көз каранды болуп турат.

Стабилдүү концентрация 4-5 күндүк кабыл алууда жетет. Белоктор менен байланышы - 11-12%. Организмдин бардык суюуктугуна жакшы кирет. Эне сүтүндөгү, муун суюуктугундагы, шилекейдеги, какырыктагы жана перитонеалдык суюуктуктагы активдүү заттын концентрациясы плазмада окшош. Жыныс кынында дайыма болуп турган маңызына ичип кабыл алгандан 8 саат өткөндөн кийин жетет жана бул деӊгээлде 24 сааттан аз эмес кармалат. Тердин суюуктугунда, эпидермисте жана мүйүзчөнүн катмарында (селективдүү чогулуу) сары суудан жогору болгон концентрацияга жетет.7 күн катары менен 150 мг ичип кабыл алгандан кийин теринин мүйүзчө катмарында концентрациянын жеткиликтүүлүгү - 23.4 мкг/г, ал эми экинчи дозаны кабыл алгандан бир жумадан кийин - 7.1 мкг/г; 150 мг дозасында жумасына 1 жолу 4 ай бою кабыл алууда соо тырмактагы концентрация - 4.05 мкг/г, ал эми жабыркаган тырмактагы концентрация 1.8 мкг/г болот.

Жарым-жартылай бөлүп чыгаруу (Тщ) - 30 саат. Бөйрөк аркылуу бөлүнүп чыгат (80% - өзгөрүлбөгөн түрдө, 11% - метаболиттер түрүндө). Флуконазолдун клиренси креатинин клиренсине (КК) пропорционалдуу болуп саналат.

Флуконазолдун фармакокинетикасы тикелей бөйрөк функциясынын абалына жараша болот, ошол эле учурда Тш жана КК ортосунда пропорционалдуу көз карандылык бар. Гемодиализден кийин 3 саат аралыгында кан плазмасындагы флуконазолдун концентрациясы 50% төмөндөйт.

 

Колдонууга көрсөтмө

• Криптококкоз, анын ичинде криптококктук менингит, тери жана өпкөнүн криптококктук инфекциялары (иммундук жообу нормалдуу болгон жана ар кандай формадагы иммуносупрессиялары бар бейтаптар, ошондой эле органдардын трансплантациясында АИЖС (СПИД) оорусу менен жабыркаган бейтаптар); АИЖС (СПИД) оорусу менен жабыркагандарда криптококтук инфекциялардын алдын алуу.

• Башкы жалпыланган кандидоз: кандидемия, диссеминирленген кандидоз (эндокарда микоздору, ич көӊдөй органдарынын, дем алуу органдарынын, көз жана жыныстык-заара жолундагы микоздор). Дарылоону залалдуу шишиги бар, цитотоксикалык же иммуносупрессивдүү каражаттарды кабыл алган бейтаптарда жүргүзүүгө болот

• Былжырлуу чел кабыктын кандидомикозу: ооз көӊдөйү, кекиртек, кызыл өӊгөч, бронхалык-өпкө инфекциялары, кандидурия, былжырлуу чел кабык - тери жана өнөкөттүү пероралдык атрофиялык кандидомикоз (кийме тишти колдонуу менен байланыштуу), гениталдык кандидомикоз, жыныс кындагы кандидомикоз (курч же кайталанган), кандидоздук баланит, залалдуу шишиги бар бейтаптарда грибоктук инфекциялардын алдын алуу, айрыкча нурланууда же цитотоксикалык химиялык дарылоонун жыйынтыгында алардын өсүү кооптулугу болгондо; АИЖС (СПИД) менен ооруган бейтаптарда кайталанган орофарингеалдык кандидоздун алдын алуу.

• Тери микоздору: таман, дене, чурай аймагы, онихомикоз, тери кандидоздук инфекциялары;

• Иммунитети нормалдуу болгон бейтаптарда тереӊ эндемиялык микоздор (кокцидиоидоз, паракокцидиоидоз, споротрихоз жана гистоплазмоз).

• Гениталдык кандидоз — жыныс кынга (курч же өнөкөттүү кайталанган формада); кандидоздук баланит (капсулалар).

Каршы көрсөтмө.

•  Дарынын курам бөлүктөрүнө жогорку сезимталдуулук (ошондой эле дагы башка азолдук грибоко каршы анамнездеги дарыларга жогорку сезимталдуулук);

•  терфенадинди же астемизолду бир убакта кабыл алуу;

•  кош бойлуулук, эмизүү мезгили;

•  4 жашка чейинки (капсуланы жутуу мүмкүнчүлүгү болбогондо) бала курак.

Этияттык менен колдонуу: флуконазолду кабыл алуунун фонунда боор функциясынын көрсөткүчүнүн бузулушу; үстүртөдөн болгон грибоктук инфекциялары бар жана инвазивдүү/системалык грибоктук инфекциялары бар болгон бейтаптардын флуконазолду кабыл алуусунун фонунда исиркектин пайда болушу; бир убакта терфенадин жана флуконазолду эӊ аз 400 мг/сут дозада кабыл алуу; көптөгөн коопсуздук факторлору менен бейтаптын потенциалдуу проаритмикалык абалы (жүрөктүн органикалык оорулары, электролиттик баланстын бузулушу сыяктуу бузулууларды ылайыктуу дарылоо ).

Кош бойлуу мезгилде жана бала эмизген учурда колдонуу

•  Адекваттуу жана көзөмөлгө алынган кош бойлуу айымдарды изилдөө иши өткөрүлгөн эмес. Кокцидиоидомикоз боюнча эӊ жогорку дозада (400-800 мг/сут) флуконазол менен 3 ай аралыгында дарыланган энелердин балдары жаӊы төрөлгөндө туубаса порок менен төрөлгөн учурлар катталып сүрөттөлгөн. Бул бузулуулар менен флуконазолду кабыл алуунун ортосундагы байланыш аныкталган эмес.

•  Олуттуу жана потенциалдуу өмүргө коркунуч туудурган грибоктук инфекцияларды эсепке албаганда жана дарылоонун күтүлгөн пайдасы түйүлдүкө болгон кооптулуктан жогору болгонду эсепке албаганда кош бойлуу мезгилде флуконазолду кабыл алуудан баш тартуу сунушталат. Ошондуктан балалуу болуу курактагы айымдарга контрацепция каражатын пайдалануу сунушталат.

•  Флуконазол эне сүтүндө концентрациялар түрүндө кездешет, плазмандуулука жакын, ошондуктан ал бала эмизүү учурунда сунушталбайт.

Колдонуу жолу жана дозасы

Ичүү. Чоӊдорго криптококтук инфекцияларда, кандидемияда, диссеминирленген кандидоздо, башка инвазивдүү кандидоздук инфекцияларда биринчи күнү 400 мг дан дайындашат, андан кийин суткасына 1 жолудан200-400 мг.

Дарылоо курсунун узактыгы клиникалык жана микологиялык реакцияларга көз каранды (криптококтук менингиттерде эң аз дегенде 6-8 жуманы түзөт).

АИЖС (СПИД) менен ооруган бейтаптарда криптококтук менингиттин алдын алуу үчүн 200 мг/сут дозада узак мөөнөткө улантса болот.

Орофарингеалдык кандидоздо – суткасына 1 жолудан 50-100 мг, 7-10 күн аралыгында кабыл алуу керек, алсызданган иммунитети бар бейтаптарга – дарылоо дагы да узагыраак болот (14 жана андан да көбүрөөк күндөр). Кийме тиштерди колдонууга байланыштуу болгон атрофиялык пероралдык кандидоздо 50 мг ды суткасына 1 жолу, 14 күн аралыгы бою кабыл алынат.

Былжырлуу чел кабыктын дагы башка кандидоздук инфекцияларда - 50-100 мг/сут, дарылоонун узактыгы-14-30 күн.

АИЖС (СПИД) оорусу менен ооруган бейтаптын орофарингеалдык кандидозунун кайталанышын алдын алуу, биринчи дарылоонун курсун толук бүткөндөн кийин - 150 мг дан жумасына 1 жолу кабыл алуу керек. Жыныс кындын кандидозунда - 150 мг дан бир нече жолу ичип кабыл алынат. Оорунун кайталанган жыштыгын төмөндөтүү үчүн айына 1 жолу 150 мг дан колдонулат.

Тери инфекцияларында, таман микозун кошкондо, чурай аймагынын териси жана  кандидоздук инфекцияларда - 150 мг дан жумасына 1 жолу же суткасына 1 жолу 50 мг дан колдонулат, дарылоонун узактыгы - 2-4 жума (6 жума).

Онихомикоздо – жумасына 1 жолу 150 мг дан; дарылануу жуктурулган тырмактын сменасына чейин уланат.

Терең эндемиялык микоздордо - 200-400 мг/сут, дарылоонун узактыгы жекече аныкталат. Былжырлуу чел кабыктын кандидозунда балдарга - 3 мг/кг/сут сунушталат, биринчи күнү басымдуу доза - 6 мг/кг дайындалышы мүмкүн.

Курч мүнөздөгү кандидоздо жана криптококтук инфекцияларда - 6-12 мг/кг/сут дайындалат. Грибоктук инфекциялардын алдын алуу үчүн - 3-12 мг/кг/сут дайындалат.

Бөйрөк алсыздыгы учурунда алгачкы басымдуу доза 50-400 мг түзөт; КК учурунда 50 мл/мин көбүрөөк кадимки суткалык доза дайындалат, КК учурунда 11-50 - 50% сунушталган дозаны же болбосо кадимки дозаны 2 күндө бир жолудан, гемодиализде болгон бейтаптарга - 1 дозаны ар бир диализден кийин дайындашат.

 

Кыйыр таасирлери

Борбордук жана перифериялык нерв системасы тарабынан: баш оору, баш айлануу, калтыроо, даам татуунун өзгөрүшү.

Тамак-аш сиӊирүү жолдору тарабынан: ичтин оорушу, диарея, метеоризм, көңүл айнуу, диспепсия, кусуу.

Боор тарабынан: гепатотоксиндүүлүк, кайра калыбына келүүсү менен сейрек учурларды ичине камтыйт, ЩФ, билирубиндин, AJIT жана ACT сары суусунун деӊгээлинин жогорулашы, боор функциясынын жогорулашы, гепатит, гепатофллюлярдык нецроз, сарык.

Тери жана тери алдындагы Щх ткандар тарабынан: исиркек, алопеция, эксфолиативдүү тери оорулары, анын ичинде Стивенс-Джонсон синдрому бар жана эпидермистин токсикалык некролизи.

Кан жаратуу жана лимфатикалык системасы тарабынан: лейкопения, анын ичинде нейтропения жана агранулоцитоз, тромбоцитопения да бар.

Иммунндук системасы тарабынан: анафилаксия (анын ичинде ангионевротикалык шишимик, беттин шишимиги, бөрү жатыш, кычышуу).

Жүрөк - кан тамыр системасы тарабынан: ЭКГ га болгон QT аралыгынын көбөйүшү, карынчалардын үлпүлдөөсү/дирилдөөсү («Өзгөчө көрсөтмөлөр» бөлүмүн караӊыз).

Метаболикалык/ трофикалык бузулуулар: холестерин жана плазмадагы триглицериддер деӊгээлинин жогорулашы жана гипокалиемия.

Рак оорусу же АИЖС (СПИД) оорусу сыяктуу оорулар менен жабыркаган бейтаптар флуконазол жана ага окшош башка дарылар менен дарыланууда кан көрсөткүчүнүн, боор жана бөйрөк функциясынын өзгөрүшү байкалган («Өзгөчө көрсөтмөлөр» бөлүмүн караңыз), бирок бул өзгөрүүлөрдүн клиникалык мааниси жана анын дарылануу менен байланышы аныкталган эмес.

 

Ашыкча доза

Белгилери: флуконазолдун ашыкча дозасы боюнча маалыматтар бар, бул кайсы бир учурлардын бирөөсүндө болгон, 42 жаштагы АИВ (ВИЧ) оорусу жуктурулган оорулуу 8200 мг дарыны кабыл алгандан кийин галлюцинациялар жана параноидалдык жүрүм-туруму пайда болгон. Оорулуу ооруканага жеткирилген; анын абалы 48 сааттан кийин өз калыбына келген.

Дарылоо: белгилерине жараша дарылоо (анын ичинде колдоочу чаралар жана ашказанды чайкоо ).

Флуконазол негизинен заара менен бөлүнүп чыгат, ошондуктан тездетилген (форстолгон) диурез, балким дарынын бөлүнүп чыгуусун тездетет. 3 сааттык узактыктагы гемодиализдин сеансы  плазмада флуконазолдун деӊгээлин 50% га төмөндөтөт.

 

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана башка өз ара таасирлердин түрлөрү.

Антикоагулянттар: Башка грибокторго каршы каражаттар сыяктуу — азол пайда кылган флуконазолду варфарин менен бир убакта кабыл алууда протромбинделген убакытты (ПВ) (12% га) жогорулатат, бул кан агуунун күчөшү менен байланыштуу болушу мүмкүн (гематомалар, мурундан жана ИКЖ кан кетүү, гематурия, мелена). Кумариндик антикоагулянттарды алып жаткан бейтаптардын ПУ дайыма көзөмөлдөп туруу керек.

Азитромицин: Флуконазол менен бир убакта чогуу ичүү үчүн бир жолку дозада  800 мг, азитромицин менен бир жолку дозада 1200 мг.ды колдонууда эки дарынын ортосундагы айкын фармакокинетикалык өз ара таасири  аныкталган эмес.

Бензодиазепиндер (кыска таасирдүү): Мидазоламаны ичүү үчүн колдонгондон кийин, флуконазол мидазоламанын  концентрациясын жана  психомотордук натыйжасын олуттуу жогорулатат, ошондой эле бул таасир тамыр ичине колдонгонго караганда  флуконазолду ичүү үчүн колдонгондо дагы айкыныраак таасир берет. Зарыл болгон учурда флуконазолду кабыл алуучу жана бензодиазепиндер менен дарылануу дайыма коштоп жүрүүчү бейтаптарды бензодиазепиндин ылайыктуу дозасын төмөндөтүү максатында байкоо жүргүзүү керек.

Цизаприд: Флуконазол менен цизапридди бир убакта колдонууда жүрөк тарабынан ыңгайсыз таасирлер болушу мүмкүн, ошондой эле ичеги карындын курулдашы/дирилдеши кутулөт. Флуконазолду суткасына 1 жолу 200 мг дозадан жана  цизаприданы суткасына 4 жолу 20 мг дозадан колдонуу цизаприддин  плазмендик концентрациясынын айкын жогорулашына жана  QTнын  ЭКГ интервалынын жогорулашына алып келет.

Цизаприд менен флуконазоланы бир убакта колдонууга каршы көрсөтүлгөн.

Циклоспорин: Бөйрөгү трансплантацияланган бейтаптарда флуконазолду 200 мг/сут дозасында кабыл алуу циклоспориндин концентрациясынын акырындык менен жаай жогорулашына алып келет. Бирок, флуконазолду 100 мг/сут дозада көп жолу кабыл алууда  баш мээнин реципиенттеринде циклоспориндин концентрациясынын өзгөрүүсү байкалган эмес. Флуконазол менен  циклоспоринди бир убакта кабыл алууда кандагы циклоспориндин  концентрациясын монитирлөө сунушталат.

Гидрохлортиазид: Гидрохлортиазидди Флуконазол менен бир убакта көп жолу колдонуу  плазмадагы флуконазолдун концентрациясынын 40%га жогорулашына алып келет. Мындай даражадагы айкындуулуктун натыйжасы бир эле убакта диуретиктерди кабыл алууучу оорулуулардан флуконазолдун дозалоо режимин талап кылбайт, бирок дарыгер муну эске алып коюшу керек.

Ооз аркылуу ичилүүчү контрацептивтер:50 мг дозада  айкалышкан ооз аркылуу ичилүүчү контрацептивтерди флуконазол менен бир убакта колдонууда гормондордун деңгээлине олуттуу таасир аныкталган эмес, ал эми 200 мг флуконазолду күнүгɵ колдонууга ылайык  AUC этинилэстрадиол жана  левоноргестрел 40 жана 24%га жогорулайт, ошондой эле  300 мг флуконазолду жумасына бир жолу колдонуунун негизинде  — AUCэтинилэстрадиол жана  норэтиндрон 24 жана 13% га ɵсɵт. Ошентип, кɵрсɵтүлгɵн дозада флуконазолду кɵп жолу колдонуу  айкалышкан ооз аркылуу ичилүүчү түйүлгɵнгɵ каршы каражаттардын натыйжалуулугуна  таасир кɵрсɵтүшү мүмкүн эмес.

Фенитоин: Флуконазол менен фенитоинди бир убакта чогуу колдонуу  фенитоиндин концентрациясынын клиникалык жактан маанилүү жогорулашына алып келиши мүмкүн.  Керек болгон учурда эки дары каражатын тең бир убакта колдонууда фенитоиндин  концентрациясын текшерип туру керек жана сары суудагы терапевтикалык концентрациясын камсыздоо максатында анын дозасын туура келген негизде оңдоо зарыл.

Рифабутин: Флуконазол менен рифабутинди бир убакта чогуу колдонуу акыркысынын сары суу концентрациясынын жогорулашына алып келиши мүмкүн. Флуконазол менен рифабутинди бир убакта чогуу увеитке алып келген учурлар кɵрсɵтүлгɵн. Рифабутин менен флуконазолду чогуу бир убакта кабыл алып жаткан ооруулууларды дыкаттык менен байкоо жүргүзүп туруу керек.

Рифампицин: Флуконазол менен рифампицинди бир убакта чогуу колдонуу  AUCнын  25%га тɵмɵндɵшүнɵ  жана  Тт флуконазолдун  20%га узарышына алып келет.  Рифампицин менен бир убакта колдонулуучу оорулууларда флуконазолдун дозасынын максатка ылайыктуу жогорулашын эске алуу керек.

Дарылар сулъфонилмочевиндер: Флуконазол, бир убакта чогуу колдонууда Тш ооз аркылуу ичилүүчү сульфонилмочевинде дарыларынын жогорулашына алып келет (хлорпропамид, глибенкламид, глипизид жана толбутамид). Кант диабети менен ооруган ооруулууларга  флуконазол менен ооз аркылуу ичилүүчү  сульфонилмочевиндер дарыларын чогуу бир убакта колдонууну дайындоо мүмкүн, бирок, ошол эле убакта гипогликемиянын ɵрчүп кетүү мумкүнчүлүгүн эске алуу керек.

Такролимус: Флуконазол менен такролимусту бир убакта чогуу колдонуу акыркы сары суу концентрациясынын жогорулашына алып келет. Нефроуулуулуктун учурлары жɵнүндɵ сүрɵттɵлгɵн. Такролимус менен флуконазолду чогуу бир убакта колдонуучу оорулуулардын үстүнɵн дыкаттык менен байкоо жүргүзүп туру керек.

Терфенадин: Азолдук грибокко каршы каражаттар менен  терфенадинди бир убакта чогуу колдонууда олуттуу аритмиянын пайда болушу мүмкүн жана жыйынтыгында QT интервалынын узарышы келип чыгат. 200 мг/сут дозада флуконазолду колдонууда QT интервалынын кɵбɵйгɵнү аныкталган эмес, бирок флуконазолду 400 мг/сут дозада жана андан кɵп колдонууда плазмадагы терфенадиндин концентрациясынын маанилүү жогорулашына алып келет. Флуконазолду 400 мг/сут дозада жана андан кɵбүрɵɵк ɵлчɵмдɵ терфенадин менен бир убакта чогуу колдонуу каршы кɵрсөтүлгɵн. ( «Каршы кɵрсɵтмɵ» бɵл. караңыз). 400 мг/сут дозадан азыраак флуконазол менен терфенадинди чогуу колдонуп дарылоону дыкат текшерүүнүн негизинде жүргүзүү керек.

Теофиллин: 200 мг дозада флуконазол менен чогуу бир убакта колдонууда 14 күндүн ичинде теофиллиндин плазмендик клиренсинин орточо ылдамдыгы 18% га төмɵндɵйт. Теофиллиндин жогорку дозасын кабыл алуучу же теофиллиндин уулуу таасиринин өнүгүү коркунучу жогору болгон оорулууларга флуконазолду дайындоодо теофиллиндин ашыкча дозасынын симптомдорунун пайда болушун байкап туруу керек жана зарыл болгон учурда туура келген негизде дарылоону тууралоо зарыл.

Зидовудин: флуконазол менен чогуу бир убакта колдонууда  акыркы метаболизмдин төмөндөшү менен анын башкы метаболитине чейин шартталган зидовудиндин концентрациясынын жогорулашы байкалат. АИЖС жана ARC (АИЖС менен байланышкан комплекс) менен ооруган оорулууларды 15 күн бою 200 мг/сут дозада флуконазолду кабыл алуу менен дарылоого чейин жана кийин  AUC зидовудиндин (20%) олуттуу деңгээлде жогорулаганы аныкталган.

АИЖ-инфицирленген бейтаптарга 400 мг/сут дозада флуконазол менен 7 күн бою ар бир 8 саатта 200 мг дозада зидовудинди чогуу же ансыз эле эки схеманын ортосунда 21 күн интервал менен колдонууда флуконазолду бир убакта кабыл алууда AUCзидовудиндин  (74%) олуттууу деңгээлде жогорулаганы аныкталган. Мындай комбинацияны кабыл алган оорулууларда зидовудиндин кыйыр таасирлеринин пайда болушунун негизинде байкоо жүргүзүп туруу керек.

Зат алмашуусу цитохрома Р450 системасы менен ишке ашуучу флуконазолду  астемизол менен же башка дары каражаттары менен бир убакта чогуу колдонуу бул каражаттардын сары суу концентрациясынын жогорулашы менен коштолушу мүмкүн. Флуконазолду бир убакта чогуу дайындоодо, ишеничтүү маалыматтар жок болсо, этияттыкты сактоо керек. Оорулууларга дыкат байкоо жүргүзүү керек.

Тамак, циметидин, антациддер менен чогуу кабыл алууда флуконазолдун ооз аркылуу ичүү түрүнүн өз ара таасирин изилдөө ошондой эле баш мээни алып башкага салууга даярдоо үчүн денени тоталдык нурдантуудан кийин бул факторлор флуконазолдун сиңишине клиникалык маанилүү таасир бербегенин  көрсөткөн.

Жогоруда тизмеленген өз ара таасирлер флуконазолду бир топ жолу кабыл алуудан кийин аныкталган; флуконазолду бир жолу кабыл алуунун жыйынтыгында ДК өз ара таасири аныкталган эмес.

Башка ДК менен өз ара таасир атайын изилденген эмес, бирок бул мүмкүн экенин дарыгерлердин эске алуусу зарыл.

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Кээ бир учурларда флуконазолду колдонууда бөйрөктүн ууланган өзгөрүүлөрүнө алып келген, ошондой эле адамды өлүмгө алып барган учурлар, эӊ башкысы олуттуу оорулар менен коштолгон  бейтаптарда кездешкен. Флуконазолду кабыл алуу менен байланышкан гепатотоксикалык натыйжалар учурлары дарынын жалпы суткалык дозасынан, дарылануунун узактыгынан, оорулуунун жынысынан жана жаш курагынанан көз каранды экендиги белгиленген эмес. Дарынын гепатотоксикалык таасири негизинен кайтарымдуу болгон; дарынын белгилери дарылонууну токтоткондон кийин жоголуп кеткен. Дары каражаты менен дарылоо убагында бөйрөктүн иштөө функциясынын көрсөткүчтөрү бузулган ооруулууларды бөйрөктүн дагы олуттуу жабыркаган белгилеринин пайда болушунун негизинде байкоо жүргүзүп туруу керек. Флуконазолду кабыл алуусу менен байланышкан, жабыркаган бөйрөктүн клиникалык белгилеринин же симптомдорунун пайда болушунда дарыны кабыл алууну токтотуу керек. Башка азолдорду кабыл алган сыяктуу эле флуконазолду колдонууда, кээ бир учурда анафилактикалык реакцияга алып келиши мүмкүн.

Флуконазол менен дарылоо мезгилинде оорулууларда кээ бир учурда Стивенса-Джонсон синдрому жана уулуу эпидермальный некролиз сыяктуу эксфолиативдик теринин  реакциясы өнүккөн. АИЖС менен ооруган оорулуулар көптөгөн дары каражаттарын кабыл алууда, оор тери реакциясынын өнүгүшүнө жакын. Дарылануу мезгилинде оорулууларда флуконазолду кабыл алуу менен байланышкан исиркектин үстүнкү грибоктук инфекциясынын пайда болушунда, дарыны токтотуу керек. Оорулууларда инвазивдүү/системдүү грибоктук  инфекциялар менен исиркектин пайда болушунда аларды дыкаттык менен карап чыгуу керек жана буллездук жабыркоолордун же  көп түрдүү эритемалардын пайда болушунда дарыны токтотуу керек. Флуконазолду  400 мг/сут азыраак дозада  итерфенадин менен чогуу бир убакта колдонууда  дыкат текшерүү жүргүзүү керек («Өз ара таасирлер» бөл. караӊыз).

Башка азолдор сыяктуу эле, флуконазол QT ЭКГ интервалынын узарышына алып келиши мүмкүн. Флуконазолду кабыл алууда QT интервалынын чоӊоюшу ичеги карындын шылдырап /курулдашы көптөгөн кооптуу факторлору бар олуттуу органикалык жүрөк ооруларында, электролиттик баланстын бузулушунда жана  дарылоону коштоп жүрүүчү ушул сыяктуу бузулуулардын өнүгүшүнө мүмкүндүк берүүчү оорулууларда абдан сейрек кездешкен. Ошондуктан потенциалдуу проаритмикалык абалдагы бейтаптарга  флуконазолду колдонууда этияттыкты сактоо керек.

Боор, жүрөк жана бөйрөк оорулары менен жабыркаган бейтаптар дарыны кабыл алуунун алдында дарыгер менен кеӊешүүсү зарыл. Жыныстык  кандидоз боюнча 150 мг флуконазолду колдонууда бейтаптарга оорунун белгилери негизинен 24 сааттан кийин  жакшыра баштаарын эскертүү керек, бирок белгилердин толугу менен жоголушу үчүн бир канча күн керек болот. Эгерде бир нече күндүн ичинде оорунун белгилери сакталып калса, дарыгерге кайрылуу сунушталат.

 

Авто унааны башкаруу жөндөмдүүлүгүнө же физикалык жана психикалык жогорку ылдамдык реакциясын талап кылуучу иштерди аткарууга таасир берүүсү

Флуконазолду колдонуу тажрыйбасы дарыны колдонууда авто унааны жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизээри мүмкүн эмес экенин күбөлөйт.

 

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл. Таңгакчада көрсөтүлгөн датасы өткөндөн кийин колдонууга болбойт.

 

Дарыканалардан чыгаруу шарты

Дарыгердин рецепти менен чыгарылат.

 

Сактоо шарты

30°С ден төмөнкү аба табында, балдар жетпей турган, кургак жерде сактоо керек. Күндүн түз тийүүчү нурунан сактоо зарыл.

 

Чыгаруу формасы

Флуконазолдун капсуласы 150 мг № 2.

 

на русском

Кыргыз Республикасы, Бишкек, Якутская, 17

Тел: 996(312) 98-62-04